• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Октябрь райондук милициясы “Шайыр балалык” борборунун тарбиялануучулары менен флешмоб уюштурду

Коом 0


Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын участкалык инспекторлору “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары менен биргеликте флешмоб уюштурушту. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмунүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ынтымак 2” паркында Октябрь райондук ИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын катышуусу менен “16 күн зомбулуксуз жашоо” акциясынын алкагында флешмоб өткөрдү.

Акцияны өткөрүүнүн негизги максаты – зомбулукка кабылгандарды эрте аныктап, адам укугуна каршы аракеттерди мындан ары болтурбоо үчүн мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүү. Эскерте кетсек, үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги да каралган.

Акциянын түсү катары – кызгылт сары жөн жерден тандалып алынган эмес. Бул өң психилогияда активдүүлүктү, ар дайым жаңы нерселерге, алдыга умтулган адамды сыпаттайт. Ошондой эле кызгылт сары түсү өзүн эркин жана күчтүү сезүүгө жардам берет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция кызматкерине же болбосо "102" номерине кайрылуу керектегин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий