• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Октябрь райондук прокурорунун орун басары КР УКМКнын тергөө абагына камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы менен кармалган Бишкек шаардык Октябрь райондук прокурорунун орун басары А.А.Э. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май райондук сотунун 2021-жылы 19-ноябрдагы токтому менен шектүү А.А.Э.ни карата сотко чейин өндүрүш аралыгында, башкача айтканда 2022-жылы 17-январга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, прокурордун орун басарын кармоо КР УКМКнын Башкы прокуратура менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында жүргүзүлгөн.

Прокурордун орун басары А.А.Э. кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен 5 миң доллар талап кылган.

Кармоо жана жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан 200 миң сомдон ашык суммадагы опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер алынган.

Пикир

Оставить комментарий