• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Октябрь районунда көчө шамчырактары жаңырды - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 17.08.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунда көчө шамчырактары жаңырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Октябрь районунун тышкы жарыктандыруусун модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

«Шакиров көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Ташкөмүр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө, Арасан, Береговый Тунгус чолок көчөлөрүнө тышкы жарыктандыруу киргизилди. Эми аталган көчөлөрдү 30 светодиоддук чырактар жарыктандырат. Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин тышкы жарыктандыруу үчүн жаңы темирбетондук түркүктөр орнотулуп, аларга 30 светодиоддук чырак жана кронштейндер бекитилип, 1 миң 170 метр аба электр чубалгылары тартылды. Ошондой эле, №4, №8 кичи райондорунун №26а, 1,7,19,91 үйлөрүнүн короолоруна 17 түркүк орнотулуп, 310 метр аба электр чубалгылары тартылды. Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү аллея да жарыктандырылды. №14 үйдөн №79 үйгө чейин 15 светодиоддук чырактар орнотулду. №26 мектеп-гимназиясынын айланасына кошумча 5 светодиоддук чырак жана кронштейн орнотулуп, 150 метр электр өткөрүүчү линиялар тартылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий