• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Октябрь районунда "Бишкекжылуулукэнергонун" 5 отканасы жайгашкан. Алар кандай кызмат көрсөтөт?

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардыктарга Октябрь районундагы коммуналдык ишкана кайсы райондорду жана уюмдарды тейлерин эскертет.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь районунда "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 5 отканасы бар. Алар - 10-кичирайон, Орто-Сай, Малдыбаев, Сүт ашканасы жана ШРМ (ЦОМ).

Отканалар 1 саламаттык сактоо мекемесин, 1 мектепти, 2 бала бакчаны, 1 бюджеттик уюмду жана 32 турак үйдү жылуулук энергиясы менен камсыздайт.

Октябрь районунун тургундары төмөнкү отканалардан жылуулук энергиясын алат:

- "10-кичирайону" отканасы: 1 -кичирайону № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 20/1, 26, 27, 29/1;
- "Орто-Сай" отканасы: Совмин конушу №1, 1/1, 1А, 2, 2А, 3, 4, 4А, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12,
- "Малдыбаев" отканасы: Малдыбаев №54А, №54В.

Белгилей кетсек, абанын булганышын азайтуу жана акчаны үнөмдөө максатында 2017-жылы Орто-Сай отканасына күн коллекторлору орнотулган. Алардын орнотулушу менен зыяндуу заттардын чыгышы 30,27 тоннага азайган.

Пикир

Оставить комментарий