• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин Октябрь районунун аймагынан 300 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагынан 300 тонна таштанды чыгарылды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, "Тазалык" муниципалдык ишканасы 30-октябрдан тарта Октябрь районунан катуу тиричилик таштандыларын чыгарууну тейлей баштаган.

Таштанды чыгарууга тазалыктын жумушчуларына "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өз ыктыяры менен жардам көрсөтүштү.

Ишкананын 20 кызматкери 4 жүктөөчү атайын техникасы менен Октябрь районунун аймагын тазалоого жардам берүүнү улантууда.

Эске салсак, 29-октябрдан тарта "Комтранском" ишканасы Октябрь районун тейлебей калгандыгына байланыштуу таштандылар чогулуп калган. Жогорудагы компания шаардыктардын 2016-2022-жылдардагы карызы үчүн келишимди бузган. Карыз 12 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий