• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Октябрь районунун акими төрт эм чоңоюп жаткан үй-бүлөгө барды

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Октябрь районунун башчысы көп балалуу Зарнаевдердин үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Зарнаевдердин үй-бүлөсүндө жети бала бар, 2015-жылы апрель айында төрт эм төрөлгөн.

“2015-жылы төрт эм төрөлгөндө үй-бүлөгө 100 миң сом көлөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн. 2016-жылы Тунгуч кичи районунан жалпы аянты 70 кв метр 2 бөлмөлүү батир берилген. 2015-жылдан бери үй-бүлөгө жөлөк пул жана квартал сайын 8 330 сом көлөмүндө стипендия белгиленип, төлөнүп келе жатат”,-деп билдирди мэриядан.

Октябрь административдик райондун башчысы төрт эмди сүт азыктары менен камсыздоо үчүн 66 миң сомго жылдык сертификат тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий