• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы COVID-19га каршы күрөштө салым кошкон ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Өлкөдө, калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Кыйын абалда, ковид-19 менен күрөшүүдө ыктыярчылардын салымы зор.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, Бактыгул Бадыевага, Анжелика Кайратовага, Алтынай Нарбаевага (Апам жана мен” коомдук фондунун жетекчиси), Даткайым Кенешовага, Данияр Жолдошевге, «Жаштар демилге борбору» коомдук бирикмесине, «Ротари Клуб Бишкек» командасына, «Кыргызстана Ыктыярчылары» командасына, «Тунгуч ынтымагы» командасына ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы жана Октябрь райондук администрациясы кыйын учурда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирет. Сиздерге чоң рахмат!

Пикир

Оставить комментарий