• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Октябрь Урмамбетов Баткендеги “Головной” суу бөлүштүргүчүнө барды

Коом 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Баткенде ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов менен Ички аскерлердин колбашчысы Дамир Алыбаев ИИМдин 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасына жана “Головной” суу бөлүштүргүчүнө барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар алгач Баткен районунун Аксай айылына барып, кыйроолор болгон жерлерди көрүп, айылдын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда алар менен көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Андан соң 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасына (Көк-Таш айылы) жана “Головной” суу бөлүштүргүчүнө барышты. Полковник Дамир Алыбаев куралдуу кагылышуу учурунда болгон кырдаал жөнүндө баяндап берди.

Министрдин орун басары аскер кызматчылары менен жолугушуп, бардык зарыл болгон материалдык-техникалык жардам көрсөтүүлөрүн түшүндүрүп, ак ниет кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Соңунда аскер кызматчыларынын күчөтүлгөн вариантта кызмат өтөөсүнүн шарттары менен жакындан таанышты.

Пикир

Оставить комментарий