• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Октябрь Урмамбетов Ош облусунун алыскы аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кечээ, 11-октябрда КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов менен биргеликте Ош облусунун эң алыскы Алай жана Чоң-Алай райондоруна иш сапарын улантышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары жер-жерлерде материалдык-техникалык камсыздоонун абалы менен таанышып, кызмат өтөөдөгү шарттарды, бөлүмдөрдүн жаңы техникалар менен жабдылышын текшерди.

Ал Алай жана Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык форма менен камсыздалышын, сырткы келбетин, кызматтык бөлмөлөрдүн, нөөмөт бөлүмчөлөрдүн бөлмөлөрүнүн абалы, андагы шарттар менен таанышып чыкты.

Министрдин орун басары өздүк курам менен маектешүүдө шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда ички иштер органдарынын алдында турган милдеттерге өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.

Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда милициянын негизги милдеттеринин бири коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоону тапшырды.

Чоң-Алай районунда Октябрь Урмамбетов аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин күчү менен курулуп жаткан беш бөлмөлүү кызматтык үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышып, татаал учурда кесиптештерине турак жай менен жардам берүүнү чечкен өздүк курамдын бул кадамдарын жогору баалады. Ал ошондой эле кызматкерлердин тизмесин сурап, ведомстволук сыйлыктарга тапшырууну сунуштады.

Министрдин орун басары мамлекет укук коргоо органдарынын кызматкерлерине керектүү шарттарды түзүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. "Учурда азыркы коомдун жашоосун илимдин жана техниканын жетишкендиктерисиз элестетүү мүмкүн эмес жана бул багытта ички иштер министрлиги зарыл болгон аракеттерин көрүүнү улантууда", - деди ал.

Октябрь Урманбетов жолугушуу учурунда өздүк курамга мамлекет башчы тарабынан ички иштер органдарына ар тараптуу шарттарды түзүү үчүн алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгына токтолду. "Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жаткандыктан ички иштер министрлиги тарабынан жер-жерлерде коомдук коопсуздукту сактоого керектелген заманбап жабдуулар менен камсыздоону колго алуу боюнча алгачкы кадамдар болуп жатат", - деп маалымдады.

Бул багытта Бишкек жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын аймактык тескөөчүлөрү үчүн заманбап техникалар менен жабдуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кабарлады.

Бүгүн, 12-октябрда О. Урмамбетов Ош ОИИБде өздүк курам менен жолугуп, аймактык милиция бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарып, тапшырмаларды аткаруу үчүн бир катар талаптарды коюп, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн приоритеттүү багыттарын белгиледи. Анда бөлүмдөрдүн жетекчилери, анын ичинде ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жана Күзөт кызматынын түштүктөгү башкармалыгынын начальниктери катышты.

Жетекчилерге милициянын аймактык бөлүмдөрүн текшерүүнүн жүрүшүндө айрым кемчиликтер аныкталгандыгын айтып, аны жоюу керектигин тапшырды. Ички
иштер министрлигинин башчысынын орун басары Жогорку Кеңештин депуттартарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган бардык зарыл чараларды көрүүнү талап кылды, шайлоону өткөрүү маалында укуктук-ченемдик актыларды, шайлоо мыйзамдарын окуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча өздүк курам менен теориялык сабактарды жана тескемелерди өткөрүүнү тапшырды.

Андан соң ИИБдин начальниги менен бирге ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнө келишип, аскер кызматчылары менен маектешип, материалдык-техникалык камсыздалуусун жана унааларын текшерди.

Командирлерине аскердик тартипти бекемдөөгө, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда мыйзамдуулуктун жана укуктук тартиптин сакталуусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын МКККнын полкуна дагы барып, кызмат өтөөдөгү шарттарын, кезметтердин уюштурулушун жана аткарылышын, материалдык-техникалык камсыздалуусун, унааларын текшерди. Жетекчилиги жана өздүк курамы менен маектешти.

“Облустун айылдарынын жана шаарларынын көчөлөрүн үзгүлтүксүз кайгулдоо кылмыштуулуктун азайышына жардам берет. Сиздер өз милдеттериңиздерге олуттуу карап, мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздап, жабырлануучуларга тез арада жардам беришиңиздер керек. Сиздер кынтыксыз жүрүм-турумуңуздар менен айырмаланышыңыздар керек”, - деди О. Урмамбетов.

Ошондой эле, Ош шаары жана Ош облусу боюнча санариптештирилген командалык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Эске салсак, учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын республиканын бардык аймактарына ишке ашыруу боюнча иштер жасалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий