• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Октябрда Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Октябрь айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Нур-Султанда өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин маданият комитетинин төрайымы Роза Карибжанова менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ушул жылы октябрь айында Казакстанда өтө турган Кыргызстандын маданият күндөрүн, ошондой эле жалпы маданият тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда казак тарап Кыргызстандын маданият ишмерлерин эл аралык “Алем саз” каада-салттарын көрсөтүү фестивалына катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий