• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Октябрда Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2,5 млрд сом жумшалды

Экономика 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Октябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2,5 млрд сомго жакын каражат жумшалды.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, республикалык бюджеттин кассалык чыгымдары 2019-жылдын октябрь айына карата ведомстволук классификация боюнча 11 млрд 602,9 млн сомду түздү.

Аталган каражаттардын эсебинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык акы төлөп берүүгө 3 млрд 166,5 млн сом, калкка социалдык колдоо үчүн пособия берүүгө – 843,8 млн сом жана социалдык камсыздоо пособиясына – 8,1 млн сом төлөнгөн.

Андан тышкары товарларды жана кызматтарды колдонуу үчүн 708,1 млн сом, товарларды жана кызматтарды сатып алууга – 91,3 млн сом, коммуналдык кызматтарды төлөөгө– 48,4 млн сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө - 2 млрд 411,8 млн сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий