• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Октябрга карата «Түндүк электр» абоненттеринин жарыкка болгон карызы 366,9 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Биринчи октябрга карата «Түндүк электр» ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 366,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

«Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, тогуз айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон карызын 347,6 млн сомго (48,7 %) азайтышкан. Анын ичинде жарандардын дебитордук карызы 312 млн сомго (59,3 %), бюджеттик уюмдардыкы 26,9млн. сомго (34,7 %) жана өндүрүш абоненттериники 9,5 млн. сомго (21,1 %) азайган.

Ал эми айыл-чарба керектөөчүлөрү категориясында дебитордук карыз 215,9 миң сомго (5,8%) жана башка керектөөчүлөрдө 615 миң сомго (1%) арткан.

Пикир

Оставить комментарий