• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Окумуштуу Осмонакун Ибраимов “Алтын жылдыз” медалына татыктуу болду

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/.Кечээ, 2-июлда Осмонакун Ибраимовдун «Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали жетектеген жазуучулардын тобу, окумуштуулар, жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты.

Илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев иш-чараны ачып жатып: “Быйылкы жыл маанилүү жылдардан болуп жатат. Себеби, элибиздин даңктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы болуп жатат. Буга байланыштуу иш-чаралар көптөгөн өлкөлөрдө өтүүдө. Ал эми бүгүнкү биздин иш-чара дагы юбилейдин алкагында өтүүдө. Китеп жеткиликтүү тил менен, жазуучунун өмүрүнүн жана чыгармачылыгынын ар бир этабы өз-өзүнчө жазылыптыр. Бул китеп биздин коомчулук үчүн бараандуу маданий окуя болуп калды деп баа берээр элем” – деди.

Академик, Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев Кыргызстанда жана башка жерлерде Чыңгыз Айтматовго арналган изилдөөлөрдүн, чыгармалардын көп жарыяланып жатканын айтып, келечектеги пландарды, китептин өзгөчөлүгүнө берген баасын кошумчалап: “Учурда казак элиндеги, түрк элиндеги Чыңгыз Айтматовго арналган чыгармалардын, эмгектердин библиографиясын чыгарганы жатабыз. Ал эми бул эмгек жөнүндө айтчу болсом мени ынанымдуу кылганы – Осмонакун Ибраимовдун саясатта жүрүп, саясаттын көз карашы менен Айтматовдун ошол доорлордо өсүп, калыптануусу, ошол доорлорго берген аныктамасы, жазуучу менен бийликтин ортосундагы мамиле кандай болду – мына ушул кырдаалды жазганы кызыгуу туудурду. Мында О.Ибраимов саясатчы катары да, чыгармачыл инсан катары да эки көз карашты айкалыштырып бере алган” – деген оюн билдирди.

Дархан Кадырали улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды, Форумдарды бир нече мамлекетте өткөрүп жатканын айтып келип, ошонун ичинде Осмонакун Ибраимовдун “Чыңгыз Айтматов. Последний писатель империи” аттуу китебин каржылап чыгарганын билдирди. Ошондой эле ал кыргыз жана казак, деги эле түрк элдеринин мамилелерин жакындатуу, адабий жана илимий байланыштарын чыңдоо максатында жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат билдирди. “Чыңгыз Айтматов түрк элдеринин биригүүсүнө салым кошкон инсан. Анын бейнесин ачкан Осмонакун Ибраимовичтин китеби үчүн ыраазычылык билдиребиз. Осмонакун Ибраимович адабият таанууга бул эмгеги аркылуу чоң салым кошуп, бир катар иш-чараларды өткөрүүгө катышкандыгы үчүн Эл аралык Түрк академиясынын “Алтын жылдыз” медалын тапшырууну чечтик” – деди сөз аягында ал, сыйлыкты тапшырып жатып.

Пикир

Оставить комментарий