• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окумуштуу Теңдик Аскаровду акыркы сапарга узатышты

Коом 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта Окумуштуу Теңдик Аскаровду акыркы сапарга узатышты. Белгилей кетсек, 4-мартта көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Аскаров Теңдик Аскарович узакка созулган оорудан улам 82 жашында каза болгон.

Аскаров Теңдик Аскарович - 1937-жылдын 18–декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган.

Кыргызстан компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы (1967-1971), Жазуучулар союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР Улуттук илимдер академиясынын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда иштеген.

Пикир

Оставить комментарий