• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Окумуштуу жана дипломат Федерико Майор Ысык-Көл форуму тууралуу

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Окумуштуу жана дипломат Федерико Майор Ысык-Көл форуму туурасында эскерүүлөрү менен бөлүшкөн катын Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматовго жолдогон.

«Урматтуу Эльдар,
Чыңгыз Айтматов менин жашоомдогу эң маанилүү адам жана ошол бойдон дайыма сакталып калат. Ал адамдык баалулуктарды сактоодо акылман жана эрктүү болгон. Мен Ысык-Көл форумун, өзгөчө Кыргызстандагы алгачкы жолугушууну эч качан унутпайм. Андан кийин көп жерлерден жолуктук. Ошондой эле мен аны Манастын миң жылдыгында көрдүм. Менин жакында жарык көргөн „Келечек жөнүндө эскерүү“ китебимде сиздин атаңызга бир катар абзацтарды арнадым.
Учурдан пайдаланып Ысык-Көл форумуна жана ага арналган ыр саптарымдын айрымдарынан үзүндү келтирүүгө уруксат этиңиз.

"Бардык гүлдөрдөн айырмаланган бул жерде
Сездим дагы күчүм менен
Жөнөкөй жана ишенимдүү бул сөздөрдү жаздым:
Жолугуу, кол кармашып келечекке бирге баруу- чечими"

21-сентябрда Парижде мен ага:
"Мен үнүмдү көтөрөм
Күнүгө…
Качан сүйүү
Жер жүзүн ээлеп алмайын«, - деп жазгам
Манастын миң жылдыгында „Жалгыз чара — бул адамдар“. Мен ошондой эле анын ЮНЕСКОнун башкы директору катары мага Кыргызстандын элчиси катарында ишеним грамотасын тапшырганы эстейм. Ал 2008-жылы 10-июлда Нюрнбергде каза болду. Бирок ал биздин акылыбызда жана жүрөгүбүздө дайым сакталат", -деп белгиленет Федерико Майордун катында.

Пикир

Оставить комментарий