• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Окумуштуулар: 2100-жылы Лондон, Нью-Йорк, Шанхай суу түбүнө кетүү коркунучунда

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Азыркыга чейин көмүр кычкыл газынын абага тарашынын темпи кыскарбаса, 2100-жылга карата деңиз деңгээли бир метрден ашык көтөрүлбөйт деп каралып келген. Бирок британдык жана америкалык окумуштуулардын биргелешкен жаңы изилдөөсүндө кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүндүгү айтылат.

Окумуштуулар Гренландия менен Антарктиканын муз катмарынын аянтынын кыскаруу темпин талдап көрүшүп, дүйнөлүк океандагы суунун деңгээлинин жогорулашынын реалдуу темпи мурда каралгандан эки эсе жогору болушу мүмкүн деген тыянакка келишти, деп жазат Би би си.

Климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Лондон, Нью-Йорк жана Шанхай суу астына кетүү коркунучунда калышы мүмкүн. Жүз миллиондогон адамдар башка жерге журт которууга аргасыз болот.

Дүйнөлүк экономикага чоң коркунуч

Дүйнөдө абанын температурасы көп жылдардан бери көтөрүлүп жатканы белгилүү. БУУ 2016-жылы эле глобалдык өзгөрүүлөрдү дүйнөлүк экономикага чоң коркунуч деп атаган.

2019-жылы Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш климаттык коркунучтар глобалдык эң орчундуу иш болуп жатканын ырастаган.

"Биз бул жарышта артта калып жатабыз деп ойлойм, - деген баш катчы. - Климаттын өзгөрүшү бизден тез болуп жатат. Реалдуулук биз ойлогондон да жаман экенин соңку окуялар көрсөтүп жатат, парадокс мына ушунда ".

Деңиз деңгээли канчалык тез көтөрүлүп жатат?

АКШнын Улуттук илимдер академиясынын журналында окумуштуулар жарыялаган эсептөөлөргө ылайык, эң жаман деген сценарий менен алганда эгер CO2 абага тарашы ушул абалда кала берсе, 2100-жылы глобалдык орточо температура беш градуска жогорулайт, ал эми дүйнөлүк океандын деңгээли 62 метрден 238 метрге чейин көтөрүлөт.

Бул 1,79 млн чарчы метр жер суу астында калат дегендик, демек 187 млн адам башка жерге көчүшү керек болот.

Ким жабыркайт?

Дүйнөлүк океандын деңгээлинин жогорулашы деңиз жээктеп жайгашкан бардык мамлекеттерди, анын ичинде АКШнын, Британиянын жана Европанын айрым райондоруна, Түштүк жана Чыгыш Азиянын басымдуу аймагына кырсык алып келиши мүмкүн. Лондон, Нью-Йорк жана Шанхай сыяктуу ири шаарлар суу түбүнө кетүү коркунучуна кабылат.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, Принстон университетинин профессору Майкла Оппенгеймердин пикиринде, жарым миллиард чамал адам суу басуу коркунучундагы төмөн жерде жашайт.

Пикир

Оставить комментарий