• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окумуштуулар ачка жүрүүнүн кандай пайдасы бар экенин айтышты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Үзгүлтүксүз ачка бойдон жүрүү жүрөк кармап калуу тобокелдигин азайтат жана өмүрдүн узарышына жардам берээрин MedicalXpress.

басылмасы билдирет.

Американын жүрөк ассоциациясынын окумуштуулары 2 миң адамдын жүрөгүнө изилдөө жүргүзүшкөн. Алардын 389у үзгүлтүксүз ачка бойдон жүрүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында азчылык топтун өлүм көрсөткүчү 45%га аз болгон. Жүрөк кармап калуусу 71%га аз учураган.

"Солт-Лейк-Сити" медициналык борборунун жетекчиси Бенджамин Хорндун айтымында, мындай көрсөткүчтү окумуштуулар күткөн эмес. Хорн ушул сымал изилдөөлөрдү дагы да улантууну жана ачка болуу менен акыл-эс жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун ортосунда өз ара байланыш бар экенине ишенет.

"Биздин оюбузча, адам ондогон жылдар бою бир айда бир жолу ачка бойдон жүрсө, анда ал организмдеги кээ бир пайдалуу механизмдерди бир канча саатка иштешин шарттайт", - дейт Бенджамин Хорн.

Пикир

Оставить комментарий