• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окумуштуулар адамдын картаюусунун үч этабын аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. АКШнын Стэнфорд университетинин окумуштуулары адамдардын күн сайын картаюуга дуушар болот деген маалыматты күмөн менен кабыл алууда. Алар адамдын картаюусунун үч этабын белгилешти.

Focus басылмасына таянып РИА Новости сайты окумуштуулардын изилдөөсүн жарыялады. Ага ылайык, адистер 18ден 95 жашка чейинки 4 миң 263 адамдын канынын плазмасына анализ жүргүзгөн.

Окумуштуулар 3 миңдей белоктун ар кандай түрүн карап, белоктор он жылдай өзгөрүүсүз калганын байкашкан. Бирок 34, 60 жана 78 курактагы адамдарда белок олуттуу деңгээлде өзгөргөнү аныкталган.

“Белоктордун же кандын курамынын карылыкка кандай таасир этери азырынча так аныктала элек. Ага карабастан булчуңдагы тажрыйбалар жаш адамдын канын улгайган адамга куйганда оң таасирин тийгизерин көрсөттү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий