• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окумуштуулар ашыкча салмактан арылуунун жаңы ыкмасын айтып беришти

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Окумуштуулар ашыкча салмак менен жапа чеккендер денедеги майлардан арылууну эмес, тескерисинче булчуңдарды чыңдоого аракет кылуусун белгилейт. Бул тууралуу америкалык окумуштууларынын изилдөөсүн Medicalxpress сайты жазып чыкты.

Окумуштуулар 22 жаштан 45 жашка чейинки 400 эгиз түгөйдү изилдеп, булчуңдун массасынын абалы адамдын арыктоосунда өзгөчө орунду ээлейт жана диета аяктаганда кайра толуп кетүү коркунучун алдын алат деген тыянакка келишкен.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, булчуңдар денедеги көптөгөн кычкылтекти жумшап, жалпысынан энергиянын көп колдонуусуна алып келет. Ошондой эле, кандагы глюкозаны азайтууга көмөктөшөт.

Окумуштуулар булчуңдардын жетишсиз деңгээлде чыңалуусу диабет оорусу жана жүрөк кан-тамыр илдети пайда болуусун шарттаарын айтат. Мындан улам, булчуңдарды чыңдоо салмактан арылуу гана эмес, ошондой эле, дени сак жашоого да көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий