• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окумуштуулар чачты өстүрүүчү затты ойлоп табышкан

Дүр дүйнө 0

Айрым адамдар чачтары менен чындап эле сыймыктанышат. Алар чачын ар түрдүү жасалгалап, өрүп, өз алдынчалыгын өзгөчө чагылдырып жүрүшөт. Бул адамдар үчүн алардын чачынын түшүп, таз болуусу абдан чоң көйгөй. Дегеле, чачына өзгөчө көңүл бурбагандар үчүн да чачтын түшүүсү өкүнүчтүү эмеспи.

Америкалык чачтын түшүүсү маселелери боюнча ассоциациянын (AHLA) маалыматында, андрогенетикалык алопеция – эркектердин чачынын түшүүсү катары кеңири белгилүү. Чачтын түшүүсү эркектерде 95%дан жогору. 35 жаштагы америкалык эркектердин болжол менен үчтөн экисинин чачы түшөт, ал эми 25 пайызында бул процесс 21 жашынан башталат.

Албетте, таз болуу эркектерге гана тиешелүү эмес. Чачы түшкөн америкалыктардын 40 пайызы аялдар.

AHLA чачтын түшүүсүн дарылоо индустриясында сатылган продуктулардын 99%ы натыйжасыз экенин билдирет. Ошондуктан андрогендик алопеция менен жабыркагандардын көпчүлүгү жөн гана чачсыз жашаганга көнүшү керек.

Чачтын түшүүсүн жана чач фолликулаларын изилдеген Сеулдагы м университетинин окумуштуу су Чой Канйол жана анын командасы бул абалдан жабыркагандардын чачында CXXC5 белогунун көп саны бар экенин аныкташкан. Бул чач фолликулаларынын регенерациясын токтотот. Мунун алдын алуу үчүн команда PTD-DMB затын жасашкан.

“Биз чачтын өсүшүн жөнгө салуучу белокту табып, аны башкаруу аркылуу чачтын регенерациясына түрткү берүүчү жаңы затты иштеп чыктык”, - деди Чой Business Korea берген маегинде. “Биз ойлоп чыккан зат чачтын түшүүсүн дарылаган эле эмес, жабыркаган клеткаларды регенерация кылган дарыны иштеп чыгууга өбөлгө болот деп күтүүдөбүз”.

Окумуштуулар бул PTD-DMB затын чычкандарда текшерип көрүшүп, дарылоодон 28 күндөн кийин аларда жаңы чач фолликулаларынын өсүшүн байкашкан. Учурда окумуштуулар заттын токсиндик сапатын аныктоо үчүн аны башка жаныбарларда текшерүүдө. Эгерде тесттер оң натыйжа берсе, аны адамда сынап көрүшмөкчү.

Көптү убада кылганы менен, бул зат дагы көп сыноолордон өтүшү керек. Анткен менен бул жаңы ыкма таз болуунун алдын алуу жана дарылоодо жардам берерине ишеним чоң.

Пикир

Оставить комментарий