• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Окумуштуулар чачтын түшүшүнүн себебин айтып чыгышты

Дүр дүйнө 0

АКШнын Чикагодогу Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары чачтын түшүшүнүн себебин айтып чыгышты. Изилдөөнүн жыйынтыктары Nature Aging журналында жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, чычкандарга жасалган эксперименттин жүрүшүндө окумуштуулар түктүн өзөк клеткалары карыганда жабышчаак касиети начарлап, туруктуу турган жеринде кармалбай калат. Ал эми өзүнүн микрочөйрөсүнөн тышкары жерде алар, адатта, жашай албайт.

“Натыйжада чачтын өсүшү үчүн зарыл болгон өзөк клеткалары азайып кетет. Бул чачтын суюлуп, акырындык менен түшүшүнө алып келет", - деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар чачтын түшүшүнүн мындай механизми тууралуу биринчи жолу билдиришүүдө. Изилдөөнүн авторлору чычкандардын фолликулдары адамдардыкына окшош болгондуктан, алардын ачылышы чачтын түшүүсү менен күрөшүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Буга чейин COVID-19 менен ооруган көптөгөн адамдардын чачтары түшүп жатканы белгилүү болгон. Чач түшүү процессин токтотуу үчүн, так диагноз коё турган адиске кайрылуу керек. Ал организмде кандай элементтер жок экенин билип, андан кийин толук кандуу дарылоону дайындайт.

Пикир

Оставить комментарий