• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Окумуштуулар дельфиндер жоголуу коркунучунда экендигин айтып чыгышты

Дүйнө 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Цюрих университетинин окумуштуулары климаттын кескин ысып жаткандыгынан улам дельфиндер жоголуу коркунучунда экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу ТАСС чет элдик басылмаларга шилтеме берип жазды.

Окумуштуулар Батыш Австралиядагы Шарк булуңунда жашаган дельфиндердин көбөйүүсү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына булуңдагы суунун температурасы 4℃ жогорулагандыгы аныкталган. Окумуштуулар аба ырайынын кескин жогорулашы экосистеманын негизи болгон деңиз өсүмдүктөрүнүн жоголуусуна алып келгендигин билдиришти.

“2011-жылдан тарта дельфиндердин өлүмү 12%га өскөн. Ал эми дельфиндер арасында көбөйүү кескин төмөндөп кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий