• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Окумуштуулар эмне үчүн жалгыз тамактанууга болбой турганын айтып беришти

Дүр дүйнө 0

Түштүк кореялык окумуштуулардын командасы жалгыз тамактануу ич майлардын топтолушуна алып келүүчү метаболисттик синдромдун пайда болуу коркунучун жогорулатарын аныкташкан. Изилдөө тууралуу Obesity Research & Clinical Practice журналынын сайтына жарыяланган.

Адистер 7752 адам катышкан анкета толтуруунун жыйынтыгын талдашып, тиги же бул респондент канчалык көп жалгыз тамактанарын эсептешкен. Клиникалык статистикага таянып алар, жалгыз өзү отуруп тамак жегенди жакшы көргөндөрдөн метаболисттик синдром жана кесепети катары ич майлардын массасынын көбөйүшүн аныкташкан.

Күнүнө экиден кем эмес жолу жалгыз тамактанган эркектерде синдромдун пайда болушу башка адамдар менен чогуу жегенди каалагандарга караганда 64% жогору болгон. Аялдарда болсо 29%. Ошону менен бирге мырзаларда толуп кетүү коркунучу 45% өскөн.

“Бул натыйжалар жалгыздап тамактануу метаболисттик синдромдун пайда болуу коркунучунун пайда болушуна таасир берүүчү фактор болушу ыктымалдыгын белгилешет”, - деп айтылат маалыматта.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий