• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Окумуштуулар эртең менен баш жазуунун кооптуу экенин айтып чыгышты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Австралиядагы Суинберн технологиялык университеттин окумуштуулары баш жазуу адамдын мээсинин иштөөсүн жана эс тутумун начарлатаарын аныкташкан. Алардын изилдөөсүн MedicalXpress сайты жарыялады.

Окумуштуулар Брисбен районунун борборунда жайгашкан барлардын биринде жүзгө жакын адамдын катышуусунда изилдөө жүргүзгөн. Таңкы маалда отуруштан кийин баш жазууга келген катышуучулар онлайн сурамжылоодон жана когнитивдик тесттен өтүшкөн. Жыйынтыгында тестти ийгиликтүү өтүп-өтпөөсү кечээ күнкү ичкен ичимдикке түздөн-түз байланышы бар экени билинген.

Окумуштуулар изилдөөгө катышуучулардын санын көбөйтүп, мээнин иштөөсүнө кандай таасир тийгизээрин мындан ары да изилдөөнү пландап жатышат.

Буга чейин россиялык окумуштуулар тобу гендин башка бир түрүн ачышкан. Ал ген түрү алкоголь ичимдигин көп ичкендерде катталган.

Окумуштуулар ичимдикке болгон муктаждык адамдын алсыз эркинин айынан же башка мүнөзүнө байланыштуу эмес экенин аныкташкан. Ичимдикти көп ичип кеткендердин мээсиндеги өзүн-өзү башкаруу, "ырахат алуу борбору" бөлүгүнүн иштөөсү жана жүрүм-турумга байланышкан гендери мутацияга кабыл алынат. Мындан улам, адамдын ичимдикке болгон муктаждыгы жогорулай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий