• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Окумуштуулар инсульттун пайда болушун азайтуу жолун табышты

Дүйнө 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Йель университетинин (АКШ) окумуштуулары курамында транс майлардын көрсөткүчү жогору азык-түлүктөрдү тамак-ашта колдонуудан баш тартуу инсульттун пайда болушун жана жүрөк оорусунун кармап калышын азайтарын аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости университеттин расмий сайтына таянып билдирет.

Мындай бүтүмгө окумуштуулар 2002-2013-жылдары Нью-Йоркто ооруканага жаткырылган адамдардын статистикасын изилдөөнүн негизинде келишкен. Адамдар транс майларды колдонууга чектөө койгон аймактарда жүрөк оорулары жана инсульт 6%га кыскарган.

“Тамактанууда транс майларды колдонбоо инсульт жана жүрөк ооруларын азайтат... Транс майларга мамлекеттик деңгээлде тыюу салуу миллиондогон адамдар үчүн жеңиш болуп саналат”, - деп билдирет изилдөөнүн авторлорунун бири.

Чипсы, крекер, куурулган тамактардагы жана нан азыктарындагы транс майлар абдан кооптуу болуп саналат. Ошондуктан, көптөгөн саламаттык сактоо уюмдары, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай майлуу тамактардан баш тартууну сунуштайт. Америкалык бийлик калктын тамак-ашта транс майларды колдонуусун кыскартуу аракетин көрүп жатат.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий