• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Окумуштуулар картошканын ден соолукка пайдалуу экендигин далилдешти

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Америкалык окумуштуулар бышырылган же кайнатылган картошка артериалдык кан басымды түшүрүп, гипертония оорусунун алдын аларын аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Nutrients журналына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.

АКШдагы Пердью университетинин изилдөөчүлөрү картошкадагы калий кошулмасынын кан басымга жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тийгизген таасирин иликтешти.

Клиникалык сыноого гипертония диагнозу коюлган 30 эркек жана аял катышкан. Жыйынтыгында бышырылган же кайнатылган картошканы жегендерде артериалдык кан басымдын төмөндөшү байкалган. Ал эми картошка кошулбаган кадимки америкалык диета менен жүргөндөрдө өзгөрүүлөр болгон эмес.

Адистер ошондой эле куурулган картошка (фри) жүрөк-кан тамыр системасы үчүн зыяндуу деген сөздөргө карабастан, анын 330 калория курамындагы күнүмдүк порциясы кан тамырларга терс таасирин тийгизбей турганын байкашкан. Картошка организмдеги натрийдин кармалышын азайтат жана калий кошулган диеталык кошулмаларга караганда жакшы таасир тийгизет.

Окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгын алдын ала деп баалайт. Анткени калийдин кан басымына тийгизген таасирин иликтеген биринчи гана клиникалык сыноо. Картошканын пайдалуу касиеттери менен аны даярдоо ыкмасынын ортосундагы байланышты аныктоо үчүн дагы көп изилдөө жүргүзүү керектигин окумуштуулар белгилейт.

"Учурда биз кайнатылган же бышырылган картошка артериалдык кан басымдын төмөндөшүнө жардам берерин жана куурулган картошканын (фри) терс таасири жок экендигин байкадык", - деп айтат изилдөөнүн жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий