• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Окумуштуулар өмүрдү дагы 10 жылга узартуунун сырын айтышты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Үзгүлтүксүз дене тарбия менен алектенүү жана туура тамактанууну адатка айланткан адамдын өмүрү 10 жылга узарарын Гарвард жана Амстердам университетинин окумуштуулары аныкташты. Алардын изилдөөсүн British Medical Journal журналы жарыялады.

Изилдөөдө дени сак 50 жаштан жогорку 100 миң адамдын маалыматы каралган. Адистер алардын абалына 20 жылдай көзөмөл жүргүзгөн. Изилдөөгө катышкандардын кимиси жүрөк-кан тамыр оорусу, рак илдети, экинчи типтеги диабет жана башка ушул сыяктуу ооруларга чалдыкканын жана канча жашка чейин жашагандарын карашкан.

Окумуштуулар көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында адамдын өмүрүнүн кыскарышына алып келген 5 факторду аныкташкан. Алар тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин "ченелүү" көлөмдө ичүү, курамында кант жана майдын өлчөмү көп болгон тамактар менен тамактануу, аз кыймылдоо жана ашыкча салмак.

Изилдөөдө спирт ичимдиктеринин "ченелүү" көлөмүн аялдарга карата 175 миллилитр шарап жана 375 миллилитр сыра деп эсептелинет. Ал эми эркектерге болсо 350 миллилитр шарап, 750 миллилитр сыра деген көрсөткүчтө каралган.

Окумуштуулар саналып өткөн 5 фактор менен 50 жаштагы адам дагы канча жыл жашарын аныкташкан. Факторлорду адатка айлантып алган аялдар орточо эсеп менен 73,7 жашка чейин жашашкан. Ал эми дени сак жашоону карманган аялдар орточо 84,4 жашка чейин өмүр сүргөн. Эркектерде беш факторду карманбагандардын орточо жаш курагы 73,5 жаш болсо, дени сак жашоону тандагандардыкы 81,1 жашка өскөн.

Пикир

Оставить комментарий