• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Окумуштуулар маал-маалы менен ачка жүрүүнүн пайдасын айтышты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Американын окумуштуулары маал-маалы менен ачка жүрүүнүн пайдасы тууралуу изилдөөсүн The New England Journal of Medicine журналына жарыялады.

АКШнын Улуттук институтунун нейробиологу Марк Маттсон маал-маалы менен ачка жүрүү ыкмасын 25 жыл аралыгында изилдеп келүүдө. Ал өзү да акыркы 20 жылдан бери бул ыкманы карманып келет.

Анын айтымында, аталган ыкма мээнин когнитивдик функциясынын (эс тутум, ойлонуу, чечим кабыл алуу ж.б.) иштөөсүн жакшыртат жана нейрологиялык оорулардан коргойт. Ошондой эле инсулинге болгон сезимталдыгын жогорулатат, экинчи типтеги диабет оорусунун өрчүүсүн алдын алат, кан басымын жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу тобокелдигин төмөндөтөт, иммундук системанын иштөөсүн жакшыртат жана өмүрдү узартат.

Бир катар изилдөөнүн жыйынтыгында, учур-учуру менен ачка бойдон жүрүү мээнин иштөөсүнө оң таасир тийгизет. Эки жыл бою маал-маалы менен ачка жүргөн адамдардын эс тутуму жана когнитивдик жөндөмдүүлүгүн жакшыртат. Аны менен бирге, организмдеги клеткалар мындай ыкмага көнүп, стресс жана ооруларга каршы туруштук берет.

Пикир

Оставить комментарий