• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Окумуштуулар сууну ичип ашыкча салмактан арылса болорун аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. Туура жана үзгүлтүксүз кадимки сууну ичүү ашыкча салмактан арылууга шарт түзөт. Мындай жыйынтыкка япониялык окумуштуулар келгенин Focus.de порталы жазат.

Адистердин айтымында, ойгонгондон кийин кофе же чайдын ордуна бөлмө температурасындагы бир стакан сууну ичүүнү сунуштайт. Сууну тишти жууганга чейин ичип, 45 мүнөттөн кийин гана тамактануу керектелет.

Суу адамдын ачка болуу сезимин басаңдатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле окумуштуулар эрте мененки тамактануудан кийин эки саат бою эч нерсе жебеш керектигин айтышат.

Мындан улам, күн ичинде үзгүлтүксүз бир стакан сууну ачка кезде ичүү жана туура тамактанганда адамдын организмдеги ашыкча салмак жоголо баштайт. Ал эми бир айдан кийин кандагы канттын көлөмү жана кан басымы турукташа баштайт.

Япониянын медицина ассоциациясынын (JMA) маалыматында, суу адамдын организминде түнү бою топтолуп калган токсиндерди айдап чыгат, метаболизмди активдештирет жана ичегинин иштешин жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий