• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окумуштуулар тамеки чеккендердин уйкусу бузулаарын аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Жөнөкөй тамеки менен электрондук тамеки чеккендердин уйкусу бузулаарын Оклахом мамлекеттик университетинин окумуштуулар жамааты аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгын Journal of Sleep Research билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Адистер 1664 студент катышкан изилдөө жүргүзүшкөн. Алардын 29%ы жөнөкөй чылым чексе, 41%ы электрондук тамеки колдонгон жана 30% такыр тамеки кармабагандар болгон.

Жыйынтыгында, жөнөкөй жана электрондук тамеки чеккендердин уйкусу бузулганы аныкталган. Вейперлер (электрондук тамеки колдонгондор) уктатуучу дарыларды колдонгондо да уйкусунда көйгөй жаралган.

Окумуштуулардын айтымында, жаштар арасында вейперлер көбөйүп жаткандыктан бул изилдөө маанилүү болгон.

"Биз электрондук тамекини күнүгө чекпегендер арасында да уйкунун начарлашын байкадык", - дейт изилдөөнүн доктору Эмма И. Бретт.

Анын айтымында, электрондук тамеки адамдын организминин саламаттыгы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий