• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окумуштуулар убакыт өткөн сайын эмне үчүн адамдын курсагы чоңойо баштарын аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Окумуштуулар убакыт өткөн сайын эмне үчүн адамдын курсагы чоңойо баштарын аныкташты. Алардын изилдөөсүн Cell Metabolism журналы жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.

Адам баласынын жашы улуулаган сайын организмдеги майларды майдалап жок кылуу жөндөмдүүлүгү алсыздай баштайт. Мындан улам организм майларды териде, булчуңдарда, ички көңдөйдүн тегерек четинде сактай баштайт. Майлар көбүнчө адамдын курсак бөлүгүндө топтолот (боор, ашказан, көк боор, ичеги). Бул бөлүктө топтолгон майлар адамды семирүүгө, диабетке жана сезгенүү ооруларына алып келет.

АКШ жана Германиянын окумуштуулары профессор Виша Дип Дикситтин жетекчилиги астында изилдөө жүргүзүп, картайган чычкандардын ич майларында иммундук В клеткалары көбөйгөндө организмде зат алмашуу системасы бузула баштаганын байкашкан.

Жаш организмге инфекция киргенде В клеткалардын саны көбөйө баштайт. Качан гана инфекция организмде жоголгондо В клетканын саны азайып, майлар да жоголо баштайт. Жаш жогорулаган сайын аталган клеткалар азайбай, курсак бөлүктө топтоло баштайт. Ал өз учурунда семирүүгө жана өнөкөт сезгенүүгө алып келет.

Пикир

Оставить комментарий