• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Окумуштуулар жумуртканын ден соолукка зыян экенин айтышты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 06.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Америкалык окумуштуулар жумуртканы көп колдонуу жүрөк-кан тамырынын оорусуна жана эрте каза болууга алып келээрин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости MedicalXpress басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Учурда америкалык даарыгерлер тарабынан жумурткага чек коюлган эмес. Бирок, 2015-жылы диетологдор адамдын организмине бир күндө 300 миллиграмм холестерин жетиштүү экенин айтышкан. Ал эми, бир жумурткада 200 миллиграмм холестерин бар.

Окумуштуулардын айтымында, бир күндө кошумча 300 миллиграмм холестерин колдонсо жүрөк-кан тамырынын оорусу 17 пайыз жогорулайт жана 18 пайыз эрте каза болууга алып келет.

Массачусетс университетинин окумуштуусу Кэтрин Тукер, жумурткадан баш тартууга болбойт, анткени ал көзгө жана сөөккө пайдалуу экендигин билдирип, бир гана чеги менен колдонуу керектигин айтат.

Аталган изилдөөгө 30дөн ашык адам катышкан жана 31 жыл катышуучуларды көзөмөлдөгөн

Пикир

Оставить комментарий