• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Окуу кабинеттерин хлор менен тазалагандан кийин балдар уулануудабы? Штабдын жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. WhatsApp тиркемеси аркылуу "Окуу кабинеттерин хлор менен тазалагандан кийин балдар ууланат" деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, окуу бөлмөлөрүн тазалоодо колдонулган хлордун пайызы өтө эле төмөн жана ал бат учуп кетет. Мындай нымдуу тазалоо окуу класстарында гана эмес, ошондой эле стационарларда дагы жүргүзүлөт.

"Ошондой эле балдарды күзгү-кышкы маалда, курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыккандар көбөйгөн учурда кабыл алууга даярдануунун алкагында балдар стационарларында атайын балдар үчүн орундуктар даярдалган. Учурда бардык балдар стационарлары штаттык тартипте иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Балдардын арасында стационарларга массалык түрдө кайрылуулар байкалган жок.

Суук тийүү ооруларын алдын алуу максатында КРВИ жана сасык тумоону, анын ичинде жаңы коронавирус инфекциясын профилактикалоо чараларын сактоого чакырабыз.

КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуунун негизги принциптери:

Ооруп калсаңыз, сөзсүз түрдө беткап тагыныңыз, коомдук жайларга барбаңыз, дарыгерге кайрылыңыз.

Сасык тумоого каршы эмделүүгө жетишпей калгандар организмдин коргоо күчтөрүн колдоп туруу керек: тамак-ашта көбүрөөк жашылча-жемиш, итмурун, кара карагаттын ж.б. негизинде жасалган витаминдик суусундуктарды, ошондой эле даяр витаминдик препараттарды пайдалануу. Сарымсак менен пияздын курамында вируска каршы күрөшкөн фитонциддер бар.

Өздүк гигиенаны сактаңыз. Белгилей кетсек, бир күндө адамдын колдору мурун, ооз, көздөн чыккан суюктар менен жүздөгөн ирет кармайт. Кол алышуулар, эшиктин туткаларын, коомдук унаада кармагычтарды кармоо – мунун баары инфекцияны жуктуруу жолдору. Колдорду көп-көп жууп туруу зарыл, өзгөчө жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал учурунда.

Сейилдеп келгенден кийин колуңузду самындап жууңуз. Көчөдө көпкө чейин болсоңуз, тамакты жана бетиңизди кир колуңуз менен кармабаңыз, антибактериалдык салфетка, дезинфекциялык жана антисептикалык гелдер менен колдонуңуз.

Мүмкүн болушунча кол алышуулардан, адамдар көп чогулган жайларга (соода аянттары, коомдук унаа, кеңселер ж.б.) баруудан баш тартыңыз.

Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозуңузду жана мурдуңузду бет аарчы/ салфетка менен жабыңыз.

Пайдаланылган салфетканы таштанды кутусуна ыргытыңыз.

Эгерде бет аарчы/салфетка жок болсо, алаканга эмес, чыканак бүгүлүшүнө чүчкүрүп, жөтөлгөнгө көнүңүз, анткени адатынча алакан менен оозду жабуу колдор жана тиричилик буюмдары аркылуу инфекциянын жайылышына алып келет.

Дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо жүргүзүңүз, ал жуктурулган кир чаң бөлүктөрүн дем алуу тобокелчилигин азайтат.

Балдар жок болгондо, бөлмөлөрдү желдетип туруу керек.

Организмиңизди чыңдаңыз.

Организмдин жалпы каршылык көрсөтүүсүн жогорулатуу үчүн сергек жашоо негиздерин сактаңыз. Сөзсүз күнүнө жок дегенде 7-8 саат уктап, 3-4 жолу тамактануу талап кылынат.

Оорунун алгачкы белгилери пайда болгон учурда, дарыгерге кайрылыңыз, анткени өз убагында дарылоону баштоо – тез арада айыгып, жана туруктуу калыбына келүүнүн кепилдиги болот.

Пикир

Оставить комментарий