• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Окуу китептериндеги каталар: Иштеп чыккандар баарын түшүндүрүп беришти

Саясат 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. 5-6-класстар үчүн чыгарылган жаңы окуу китептерине карата айтылган сындарга байланыштуу Кыргызстандын билим берүү академиясынан жооп кайтарышты.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов билдиргендей, окуу китептерин иштеп чыгуу үч этаптан өткөн.

“Биринчиси, сынак аркылуу кол жазмаларды тандап алуу, буга Билим берүү министрлиги жооп берет. Экинчиси, мазмунун иштеп чыгуу, буга биз жооптуубуз. Үчүнчүсү- тандалган мактептерде китептерди апробациялоо”, - деди ал.

Мамытовдун айтымында, орфографиялык каталарга жана котормонун туура эместигине басмакана жооп берет.

“Андан тышкары мазмунуна дагы көп сындар айтылды. КРда биринчи жолу окуу китептери 54 мектепте масштабдуу текшерүүдөн өттү. 14 эксперт, алардын арасында педагогика илиминин докторлору анализ жүргүзүштү. Ошондой эле 135 практик-педагог апробация жүргүзүштү. Бардык китептердин арасынан экөө апробациядан өтпөй, кайра кайтарылды”, - деп кошумчалады ал.

5-класс үчүн табият таануу боюнча окуу китебинде, авторлордун айтымында, так котормолор берилген эмес, так эмес стилистикалык түзүлүштөр жана терминологиялык каталар болгон.

“Мисалы, “терминалдык булактардын” ордуна “термалдык булактар” деп жазылышы керек эле. “Даамдуу тешикчелердин” ордуна “даам тешикчелерин” колдонуу керек болчу. Андан тышкары “жаныбарлар өсүмдүксүз жашай албайт, өсүмдүктөр жаныбарларсыз толук кандуу жашай алат” деген туура эмес сүйлөм берилген”, - деди педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы, 5-класстар үчүн окуу табият таануу боюнча окуу китебинин автору Эсенбек Мамбетакунов.

Китептерди иштеп чыккандар ЖМКдын биринде олуттуу ката Менделеевдин мезгилдик системасында химиялык элементтердин толук эмес тизмесинин берилбегендиги деп жазылгандыгын – 118 элементтин ордуна 114 элемент берилгендигин жазылганын айтышты.

Авторлор окуу китебинде редактирлөө жана которуу иштерине жооптуу басмакана тарабынан кетирилген катачылыктарды моюнга алышууда. Ал эми элементтердин саны боюнча, бүгүнкү күнгө карата элементтердин болжолдуу аталыштары гана жарыяланган. Буга байланыштуу ЖМКда көрсөтүлгөн жаңы элементтер таблицага киргизилген эмес.

Андан соң 6-класстар үчүн география боюнча окуу китебинде мазмунуна карата эки эскертүү берилген. Алардын бири Күн системасынан чыгарылып, планеталардын санын 8ге азайткан карлик планета Плутонго байланыштуу. Бирок авторлор 9 планета деп жазып коюшкан. Экинчи эскертүү Нил жана Амазонка дарыяларанынын эң чоң узундугуна байланыштуу айтылган.

Бул эскертүүлөр боюнча авторлор Плутонду планеталардын катарынан чыгаруу маселеси дагы деле ачык бойдон калууда, талкуулар дагы деле бүтө элек деп эсептешет. Ал эми эң узун дарыя деп аталуу алдында турган Амазонка дарыясындагы өлчөө иштери көптөгөн окумуштуулардын шек саноосун чакырууда. Аталган окуу китебиндеги грамматикалык жана стилистикалык каталар басмакананын компетенциясына тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий