• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Окуу мөөнөтү жай айларына чейин узартылбайт - Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Мектеп окуучулардын окуу программасы жай айларына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, окуучулар июнь, июль айларында окушпайт.

“Учурда аралыктан окутуу программанын үстүнөн иштеп жатабыз. Окуучулар интернеттен, ал эми интернет тармагы жоктор ЭлТР, Баластан каналдарынан сабактарды ала алышат”, - дейт ал.

Маалым болгондой, бүгүн, 21-мартта коронавирусту жуктурган дагы 6 учур катталды. Алардын бардыгы Сауд Арабиядан кичи ажылыктан (умра) келгендер.

Жарандардын бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ал эми бирөө Баткен облусунун Баткен районунун тургуну. Алардын жаш курагы 45тен - 74 жашка чейин. Үчөө аялдар, үчөө эркектер.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он эки кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий