• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Окуу жайга тапшыруу үчүн босого балл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Окуу жайга тапшыруу үчүн босого балл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

“Жылдагыдай эле жогорку окуу жайларына тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн босого балл аныкталат. Былтыр ал 110 балл болгон. Босого балл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккан соң министрлик тарабынан аныкталып, андан кийин сиздерге маалымат берилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий