• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Окуу жайларга документтерди кабыл алуу тартиби кандай?

Коом 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жогорку окуу жайларга документтерди кабыл алуу тартиби тууралуу маалымат берди.

Министрликтен билдиришкендей, окуу жайга кабыл алуу жарандын арызынын негизинде жүрөт.

Арыз берүүдө абитуриент өздүгүн жана жарандыгын тактаган документти көрсөтөт. Ошондой эле абитуриент арыз менен бирге жалпы орто билими же кесиптик окуу жайын аяктагандыгы тууралуу документин жана сүрөтүн тапшырышы керек.

Абитуриент арыз менен бирге документтердин оригиналын же мөөр менен ырасталган көчүрмөсүн тапшырат.

Абитуриентке анын документтери кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берилет.

Ал эми абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыгы боюнча студенттердин катарына каттоо үчүн тестирлөөнүн жыйынтыктары тууралуу сертификаттын өзү болушу шарт.

Тестирлөөнүн талондорун салуу үчүн ар бир факультеттин өзүнүн атайын кутусу бар.

Талондорду тапшырууда сертификаттын оригиналы сөзсүз болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий