• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Окуу жайларга онлайн өтүүдө жардам көрсөтүү үчүн 1818 ишеним телефону иштей баштады

Билим 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Бишкектеги И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында абитуриенттердин окуу жайларга онлайн режиминде өтүүдө жардам көрсөтүү үчүн 1818 ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, үй телефон менен чалуу акысыз, ал эми чөнтөк телефон менен кайрылганга акы алынат.

Ошондой эле Өмүров www.2020.edu.gov.kg порталында окуу жайларга кантип өтүү керектигин түшүндүргөн видеолор бар экендигин айтат.

"Мындан тышкары, онлайн каттоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта дарегине жөнөтсөңүз болот: abiturientonline2021@gmail.com", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий