• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Окуу жылынын алдында Түркмөнстанда китеп жетишсиздиги байкалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Түркмөнстанда быйыл 1-класска бара турган 147 миң балага президенттин атынан «окуу компьютерлери» берилет. Бул тууралуу өлкөнүн расмий басылмалары жазышты.

Мамлекеттик «ТДХ» маалымат агенттигинин кабарлашынча, күн мурун өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы окуу жылына карата даярдык тууралуу отчёт угуп, жаштардын жогорку деңгээлде билим алуусуна заманбап шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

Бирок мугалимдер өлкөдөгү билим берүү системасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан негизги маселелер, анын ичинде китептер менен билим берүү усулдарынын жетишсиздиги чечилбей жатканын билдиришүүдө.

«Эгер мугалимдер жыл башында алган китептерди чаптап, жаңылап туруп ташырбаса, анда аларга тиешелүү маалымкаттар берилбейт жана эмгек өргүүсүнө дагы чыгарылбайт», — деди ташкенттик мугалимдердин бири.

Түркмөнстанда совет мезгилиндей эле китептер окуучуларга бекер берилет. Бирок алар жаңыланбайт жана аз болгондуктан окуучулардын баарына эле жете бербейт.

Пикир

Оставить комментарий