• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Окуу жылынын башталышына карата 12 мектептин курулушу аяктады - Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Жаңы окуу жылынын башталышына карата республика боюнча 12 билим берүү объектисинин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуп бүткөн объекттердин жалпы долбоордук кубаттуулугу 2820 окуучулук орунга эсептелген. Мектептердин предметтик класстары, ашкана жана актовый залы, бардык зарыл техника жана эмеректер менен жабдылган. Ошондой эле мектептердин имаратында өрт өчүрүүчү каражаттары жана видеобайкоо камералары орнотулган, желдетүүчү контролдору каралган.

Белгилей кетсек, мектептерди куруу иштерине "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражатынан 475 млн 759 миң 800 сом каржыланган.

Объекттердин тизмеси:

1. Чүй облусундагы Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы 350 орундуу мектептин окуу корпусу;
2. Баткен облусундагы Баткен районунун Сай айылындагы Акматов атындагы 225 орундуу мектептин окуу корпусу;
3. Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жоошук айылындагы Юсупов атындагы мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери;
4. Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Авлетим айылындагы Акылбеков атындагы 225 орундуу мектеби;
5. Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов 275 орундуу мектеби;
6. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жарооз участкасындагы С.Жусуев атындагы 225 орундуу мектептин окуу корпусу;
7. Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылындагы 200 орундуу мектеби;
8. Ош облусундагы Ноокат районунун Кожоке айылындагы Чынкараев атындагы 225 орундуу мектеби;
9. Ош облусундагы Өзгөн районунун Макаренко айылындагы Ж.Маматжанова атындагы 275 орундуу мектеби;
10. Өзгөн шаарындагы А.Навои атындагы №6 520 орундуу мектеби;
11. Ош облусундагы Өзгөн районунун Кысык-Алма айылындагы 200 орундуу мектептин окуу корпусу;
12. Талас облусундагы Кара-Бура районунун Көк-Сай айылындагы мектептин 100 орундуу кошумча корпусу.

Пикир

Оставить комментарий