• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Окуучу баланын сууга чөгүшү. Бишкек мэриясы окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түздү

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында бала сууга чөгүп кеткен.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен бирге бассейнге барышкан.

Учурда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен турган комиссия түздү.

Комиссия бул окуяны изилдеп, мектеп кызматкерлеринин канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин жана жоопкерчилигин аныктайт

Пикир

Оставить комментарий