• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окуучулар арасында өткөн “Жеңиш ырын ырдайбыз” онлайн фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” аттуу онлайн фестивалга мектеп окуучуларынан 12 миң видео келип түштү. Анын 8 миң 818и көркөм окуу багытында, 3 миң 181и обондуу ырлар категориясына жолдонгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Калыстар тобунун чечими менен 1590 баланын обондуу ырлары сынактын талаптарына жооп берет деп кароого алынды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр катышуучулардын жаш курагына жараша 3 категорияда аныкталды. 90 окуучу лауреат, 386сы дипломант деп табылды.

Ал эми көркөм окуу жаатында 4283 баланын эмегеги сынактын талаптарына жооп берет деп кароого алынды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр катышуучулардын жаш курагына жараша 4 категорияда аныкталды. 90 окуучу лауреат, 386сы дипломант деп табылды. Сынактын жыйынтыгы боюнча “Көркөм окуу” сынагында 178 катышуучу I, II, III даражадагы дипломдорго жана «Лауреат» наамына ээ болушту. Ал эми 2566 катышуучу “Дипломант” наамына ээ болушту.

Сынакта байгелүү орундарды алгандар смартфон, китеп сатып алуу үчүн 2000 сомдук сертификат жана блютуз наушниктер менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий