• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Окуучулар арасында улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталат

Билим 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Улуттук олимпиада төрт этап менен өткөрүлөт:

I этап – январь (онлайн режимде)
II этап – февраль (онлайн режимде)
III этап – март (офлайн режимде)
IV этап – апрель (офлайн режимде)

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү жана даярдоо максатында улуттук олимпиада өткөрүп келет.

Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондой эле окуучуларга улуттук олимпиадага жана республикалык олимпиадага дагы катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий