• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Окуучулар пандемияга байланыштуу мамлекеттик экзамен тапшырбай турган болду

Билим 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Мектеп окуучулары мамлекеттик экзамен тапшырбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бул жылы 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү пандемияга байланыштуу мамлекеттик экзамен тапшырышпайт. Баалар жылдын жыйынтыгы боюнча коюлат.

Сыдыкназарованын айтымында, атайын предметтик комиссия түзүлөт, ал окуучулардын бир жыл аралыгындагы жетишкендиктерин карап чыгат жана чейректердеги баалардын негизинде экзамендик баалар коюлат.

“Мындай чечим коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды. Эгер окуучу же анын ата-энеси баалар менен макул болбосо, алар апелляциялык комиссияга кайрыла алат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий