• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Окуучулардын массалык мушташы: Баткенде милиция түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Баткенде мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, - деп билдирет облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, күн мурун, 15-апрелде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектебинде 8-класстын окуучулары арасында массалык мушташ чыккан.

Бул окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Бүгүн, 16-апрелде аталган орто мектепте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Баткен РИИБнүн жетекчилиги ата-энелерге кылмыштуулуктун алдын алуу, жогорудай көрүнүштөргө мындан ары жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин өткөрүп, окуяны толук кандуу текшерүү иштерин баштады", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, 14-апрель күнү жогоруда аты аталган Бото Нарматов орто мектебинде мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун алдын алуу, ушул айылдын көйгөйү болуп келген уруу-урууга бөлүнүүнү болтурбоо максатында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жыйналыштарды өткөрүп, протоколдорун түзгөн.

Мектеп окуучуларынын арасында топтошуп мушташканга жол берген милиция кызматкерлерине ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат, текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий