• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды

Билим 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта Бишкекте Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жабылыш аземи болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аземге билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Жусупбекова жана башка жетекчилер, мугалимдер, окуучулар жана алардын жакындары катышты.

2022-жылдын 23-24-мартында Билим берүү жана илим министрлиги Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабын өткөрдү.

Олимпиада 12 окуу предметинен өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймагынан олимпиаданын III (облустук) этабында 1, 2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты.

Олимпиада Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинде жана “Айчүрөк” кыздар лицейинде болуп өттү.

Олимпиаданын IV (республикалык) этабында окуучулар төмөндөгү предметтер боюнча күч сынашты: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн. Аларга жалпы билим берүү уюмдарынын тажрыйбалуу мугалимдеринен жана жогорку окуу жайлардын компетенттүү окутуучуларынан турган калыстар тобу өз баасын берген.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 52 окуучу жеңүүчү деп табылды. Байге ээлерине министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды.

А. Бейшеналиев олимпиаданын катышуучуларын жеңиши менен куттуктап, аларга жаркын келечек каалады. Ошондой эле ал республикалык олимпиаданы уюштуруп, өткөрүүгө салым кошкондорго жана мыкты окуучуларды таптап, тарбиялап, колдоп келаткан мугалимдер менен ата-энелерге министрликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий