• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министрлик окуучулардын Республикалык олимпиадасы тууралуу маалымат берди

Билим 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептердеги окуу процесси аралыктан жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган чектөөлөрдү эске алып, министрлик кырдаал турукташканга чейин олимпиада өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жана окуучуларга олимпиадага даярданууга кошумча убакыт берүү чечими чыгарылган.

Учурда министрлик Республикалык олимпиаданын II жана III этаптары үчүн бардык предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгуучу көз карандысыз уюмду тартуу үчүн тендер жарыялады.

Тендер аяктагандан кийин Республикалык олимпиаданын II, III жана IV этаптарын өткөрүү мөөнөттөрү белгиленет, олимпиада 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 1310/1 буйругу менен бекитилген мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша олимпиаданы өткөрүү форматына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Республикалык олимпиада жөнүндө маалымат министрликтин сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кошумча жайгаштырылат.

Эскерте кетсек, Олимпиаданын I (мектеп) баскычы ноябрь айында болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий