• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окуучулардын тамактануусун жакшыртуу үчүн 15 мектепте 3000 мөмө-жемиш бак тигилет

Коом 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Окуучулардын тамактануусун жакшыртуу үчүн Чүй облусунун 15 мектебинде 3000 мөмө-жемиш бак тигилет. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кабарлады.

Мектеп алдындагы чарбалар – мөмө-жемиш бактары, жашылча өстүрүүчү бакчалар, күнөсканалар же фермалар – мектеп менюсун өзү өндүргөн продукт менен камсыздоо үчүн натыйжалуу жана аз чыгымдуу ыкмалардын бири. Ошондой эле бул мектепти кошумча киреше менен камсыз кылат.

Алгачкы 120 түп көчөт Орловка айылындагы №1 орто мектепте тигилди.

"Биз мектептик тамактануунун сапатын жакшыртууга, ошондой эле анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга умтулабыз", - деди Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Андреа Баньоли.

Анын айтымында, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу мектептик финансылоонун, анын ичинде мектеп алдындагы фермалардын жана бакчалардын эсебинен финансылоонун варианттарын изилдеп жана тестирлөө жүргүзүүдөбүз.

"Жалпы күч-аракет менен биз Кыргызстандын ар бир кенже окуучусунун толук баалуу өсүшү жана өнүгүүсү үчүн сапаттуу жана пайдалуу түшкү тамактанууну камсыз кыла алабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий