• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Окуучуларга кесиптик багыт берүүгө дагы бир нече ата мекендик ишкана кошулушу мүмкүн

Билим 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда окуучуларга кесиптик багыт берүү боюнча жаңыдан киргизилип жаткан системанын социалдык өнөктөштөрү көбөйүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул аптада Бишкек шаардык иш менен камсыздоо башкармалыгында жаңы потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул "Баркад", "Адвантекс" ишканаларынын, "Куликовский" кондитердик үйүнүн, Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн, дистрибьюторлордун) ассоциациясынын жана № 4, 98, 91, 18-кесиптик лицейлеринин өкүлдөрү.

Жолугушууну Бишкек шаардык иш менен камсыздоо башкармалыгы уюштурган. Мекеме бул багыттагы социалдык өнөктөштүктө негизги ролду ойнойт, окуучуларга кесиптик багыт берүүгө катышуучу ишканалардын милдеттерин аныктайт.

Маалымат үчүн: Эл аралык кызматташтык боюнча Германия комуунун (GIZ) "Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга жардамдашуу" программасы социалдык өнөктөштөргө кесипке багыт берүү жана кеп-кеңеш системасын түзүүгө колдоо көрсөтөт. Программанын алкагындагы иш-чаралардын максаты пилоттук сегиз аймакта кесипке багыт берүү жаатында социалдык-өнөктөштүк кооперацияларын түзүүсүнө багытталган.

«Hyatt Regency Bishkek» мейманканасынын кызматкерлер менен иштөө менеджери Ишенбай кызы Толгонай окуучуларды кесипке багыттоого иш берүүчүлөрдүн катышуусу өтө маанилүү экенин белгиледи.

"Биздин мейманканада окутуу системасы жакшы жолго коюлган, андыктан жаштарга бизде иштөөнүн артыкчылыктарын көрсөтүү, адис катары даярдоо биз үчүн абдан маанилүү. 9-класстын окуучулары экскурсияларга кубануу менен келишип, мейманкана иши менен таанышып кетишет", - дейт ал.

Ишенбай кызы меморандум алкагында башка социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу тажрыйбасы жөнүндө ой бөлүштү:

"Биз бардык иш чараларды чогуу пландайбыз, биргеликте маалыматты таратабыз, окуучуларды кесипти акыл калчап тандоого даярдайбыз. Келечекте жаштарды кесипке багыттоонун мыкты системасын түзө алабыз деп ишенем".

«Куликовский» кондитердик үйүнүн кызматкерлер боюнча менеджери Светлана Теплякова кесипке багыт берүүнүн маанилүүлүгүн жана бул процесске жеке сектордун катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууга даярдыгын билдирди.

Социалдык өнөктөштүккө катышуу ниетин кесиптик лицейлер да ачыктады.

Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн, дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева билим берүү тармагы жеке сектор менен кызматташышы керек дейт. Бул жаатта Ассоциация менен Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин ортосунда кызматташтуу жолго коюла баштады.

"Борбор Азиядагы кесиптик билим берүү - азык-түлүктү өндүрүү секторундагы системдүү мамилеге көмөктөшүү" программасынын улук кеңешчиси Томас Люкс Германиядагы дуалдык билим берүү тажрыйбасы, кесипке багыт берүүдөгү иш берүүчүлөрдүн ролу тууралуу маалыматтары менен бөлүштү.

Баса, «Баркад», "Куликовский" кондитердик үйү, "Адвантекс" ишканалары, Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн, дистрибьюторлордун) ассоциациясы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) "Борбор Азиядагы кесиптик билим берүү - азык-түлүктү өндүрүү секторундагы системдүү мамилеге көмөктөшүү" аймактык долбоорунун өнөктөштөрү болуп саналышат.

Бул иш чара Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) "Борбор Азиядагы кесиптик билим берүү - азык-түлүктү өндүрүү секторундагы системдүү мамилеге көмөктөшүү" аймактык долбоору менен "Иш менен камсыздоого жана кесипке окутууга көмөктөшүү" долбоорунун ортосунда кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий