• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окууга келбегендерге диплом берилген. Таласта лицейдин кызматкерлерине иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Талас облусундагы №51 Кесиптик лицейдин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнү облустун Манас райондук прокуратурасы жүргүзгөн.

Аныкталгандай, лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстандын аймагында болбогон абитуриентти кабыл алышкан. Ошондой эле, сабакка катышуу табелдерине жалган маалыматтар киргизилгендиги аныкталып, окууга келбеген 3 студентке орто кесиптик билим тууралуу диплом берилген.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий